Бишкек, 10.11.26. /Кабар/. Европадан Кыргызстанга велосипед менен саякаттап келген мекендешибиз Насирдин Өмүралиевди жана анын сапарлашы, Италиянын 64 жаштагы жараны Марко Фантеллону Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында салтанаттуу тосуп алышты.
Муниципалитеттен билдиришкендей, Насирдин Өмүралиев сапарын Польшадан баштаган. Жолдо Азербайжандын Алят портунда Марко Фантелло менен таанышып, андан ары Кыргызстанга чогуу келишкен.
Саякаттын максаты – ата-бабалар басып өткөн тарыхый жолдор менен жүрүп, Кыргызстанды чет өлкөлөргө таанытуу.
Салтанатта саякатчыларга ак калпак кийгизилип, ыраазычылык каттары жана эстелик белектер тапшырылды.