Масато Канда "Бишкек шаардык транспорт" ишканасынын №2 автобекетине барды

Коом 689 21 Ноябрь 2025 15:00
1763696670.jpeg
1763696667.jpeg
1763696664.jpeg
1763696674.jpeg
Алдыга
Артка
1763696670.jpeg
1763696667.jpeg
1763696664.jpeg
1763696674.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 21.11.25. /Кабар/. Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) президенти Масато Канда Кыргызстанга болгон иш сапарынын алкагында мэрдин орун басары Рамиз Алиев менен жолугушуп, "Бишкек шаардык транспорт" муниципалдык ишканасынын №2 автобекетине барды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анда "Шаардык транспортту электрлештирүү" долбоорунун алкагында алынган электр автобустарынын техникалык мүмкүнчүлүктөрү жана инфраструктурасы менен таанышуу болду.

Иш-чаранын жүрүшүндө "Бишкек шаардык транспорт" муниципалдык ишканасынын директору Талант Капаров долбоор, аны ишке ашыруу жөнүндө кеңири маалымат берди.

ДЕПОнун курулуш этаптарынын сүрөттөрү, "Пилоттук жашыл коридордун" 3D-анимациясы жана электробустардын айдоочулары үчүн окутуу симуляциясы көрсөтүлдү.

Ошондой эле делегация инфраструктура, кубаттоочу станциялар жана электробустарынын жаңы функциялары, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жүргүнчүлөр үчүн жеткиликтүүлүк мүмкүнчүлүктөрүнө күбө болушту.