Бишкек, 15.10.26. /Кабар/. Манас шаарынын Дөмөр айылында 275 орундуу заманбап мектеп курулду.
Курулуш министрлигинен билдиришкендей, долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, объекттин жалпы наркы 166 миллион сомду түздү.
Мектептин жалпы аянты 2 980 чарчы метрди түзүп, эки кабаттан турат. Имаратта заманбап окуу класстары, лаборатория, китепкана, ашкана, жыйындар залы, компьютердик класс жана бардык шарттары каралган спорт зал жайгашкан.
"Курулушу 2025-жылдын апрель айында башталган. Учурда курулуш иштери толук аяктап, объектти жакынкы күндөрү пайдаланууга берүү пландалууда",-деп айтылат маалыматта.