Манасбек Самидинов "Кыргызстан аэропорттору" ААК башкармалыгынын төрагасы болуп кайрадан шайланды

Коом Загрузка... 30 Апрель 2025 11:10
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon "Кыргызстан аэропорттору" ААКсынын маалымат кызматы

Бишкек, 30.04.25. /Кабар/. "Кыргызстан аэропорттору" ААКтын акционерлеринин жылдык жыйыны өтүп, маанилүү кадрдык чечимдер кабыл алынды.

Ага ылайык:

Директорлор кеңешинин төрагасы Ренат Тулебердиевдин ыйгарым укуктары токтотулду.

Директорлор кеңешинин жаңы төрагасы болуп Мирлан Коңурбаев шайланды.

Директорлор кеңешине буга чейин маданият министринин биринчи орун басары болуп иштеген Кайрат Иманалиев да кирди.

Директорлор кеңешинин жаңы курамы:

Мирлан Коңурбаев,

Эльзар Жунушбаев,

Сабыркул Ашымбаев,

Жаныбек Жалалов,

Кайрат Иманалиев.

Мындан тышкары, директорлор кеңеши Манасбек Самидиновду “Кыргызстан аэропорттору” ААК Башкармалыгынын төрагасы кылып кайрадан шайлады.

Башкармалыктын жаңы курамы:

Манасбек Самидинов (төрага),

Медербек Курманбеков – Башкармалыктын мүчөсү,

Талгат Джапаров - Башкармалыктын мүчөсү,

Алтынбек Мамбетов - Башкармалыктын мүчөсү,

Мамаев Аман - Башкармалыктын мүчөсү,

Жанат Шамшиев - Башкармалыктын мүчөсү,

Бакыт Сарманов –Башкармалыктын мүчөсү.