Бишкек, 13.10.26. /Кабар/. Манас шаарында 150 орундуу бала бакчанын курулушу башталды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, долбоор жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланып, жалпы сметалык баасы 115,4 млн сомду түзөт.
Эки кабаттуу бала бакчада музыкалык жана гимнастикалык залдар, уктоочу бөлмөлөр, медициналык кабинет, ашкана жана балдар ойноочу аянтчалар каралган.