"Манас" аэропортунун учуп-конуу тилкесин оңдоо иштери күз айларында аяктайт

Коом Загрузка... 10 Апрель 2025 13:11
386599011_622507393376999_4380749367102240833_n.jpg
copyright icon "Кыргызстан аэропорттору" ААК

Бишкек, 10.04.25. /Кабар/. "Манас" аэропортунун учуп-конуу тилкесин оңдоо иштери күз айларында аяктайт. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, учурда аэрпорттун учуп-конуу тилкесин оңдоо иштери кызуу жүрүүдө.

"Оңдоо иштери быйыл октябрь-ноябрда соңуна чыгат. Муну менен биринчиден, учуп-конуу тилкеси жаңыртылып, ага учактардын жумшак конуусуна шарт түзүлөт.

Экинчиден, ремонт иштеринин жүрүшүндө учактардын конуусуна белги бере турган эң заманбап жарыктандыргычтар орнотулат.

Бул өз кезегинде учурда аба-ырайынын начарлоосунан учактар коно албай калган учурларды дээрлик жокко чыгарат.

Мисалы, азыркыдай бир аз туман түшсө башка аэрпортко кетирүү маселеси жаралбайт.

Кыскасын айтканда, аэропортубуздун учуп-конуу тилкеси эң жогорку талаптагы технологиялык жабдыктар менен жабдылып, замандын талабына шайкеш келет", - деди ал.

Алагөзов кийинки жылы "Ош" эл аралык аэропортунда дагы ушундай эле жумуштар аткарыларын белгилеп, курулуш иштери "Манас" ААК өздөрү тапкан каражаттын эсебинен жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.