Мамлекеттин балдарга болгон камкордугу күчөйт - Орунбеков

Коом Загрузка... 30 Январь 2025
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon Президенттин администрациясынын басма сөз кызматы

Бишкек,30.01.25./Кабар/. Мамлекеттин балдарга болгон камкордугу күчөйт. Бул тууралуу президенттик администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Ал президент Садыр Жапаров балдарды коргоо жана социалдык колдоо системасын чыңдоо максатында 550 жаңы социалдык кызматкердин штаттык бирдигин түзүү боюнча жарлыкка кол койгонун белгилеп, анын маанисине токтолгон.

"Бул чечим Кыргызстандын балдарды коргоо тарыхында болуп көрбөгөндөй маанилүү кадам болуп саналат. Биринчи жолу мамлекет турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарды колдоо үчүн мындай ири масштабда социалдык кызматкерлерди тартууда.
Жаңы социалдык кызматкерлер:

  • Балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргошот;
  • Зордук-зомбулуктун, кайдыгерликтин жана катаал мамиленин алдын алышат;
  • Оор абалда калган балдарга даректүү жардам көрсөтүшөт;
  • Коопсуз жана камкор чөйрө түзүүгө көмөктөшөт.

Качан жана кайда ишке ашат?

1-февралдан тарта социалдык кызматкерлерди кабыл алуу жана даярдоо иштери башталат. Алар бардык региондордо иштеп, муктаж болгон балдарга колдоо көрсөтөт.
Мамлекеттин балдарга болгон камкордугу күчөйт
Президент Садыр Жапаров буга чейин эле балдарга карата зордук-зомбулук жана социалдык көйгөйлөргө каршы күрөштү күчөтөрүн билдирген. “Биз балдарыбыздан эч нерсе аябайбыз жана алар үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү түзөбүз,” – деп баса белгилеген.

Бул чечим балдардын бакубат жашоосу үчүн мамлекеттин жоопкерчилигин дагы да жогорулатат жана алардын коопсуздугун камсыздоодо чоң роль ойнойт. Балдардын келечеги – мамлекеттин келечеги!",-деп жазган ал.