Бишкек, 30.08.26. /Кабар/. “Мадина” базарында өрт чыкты.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдын ала маалыматы боюнча, өрт базардагы контейнерлерден тутанган.
Өрттү өчүрүүгө жалпы 10 күжүрмөн эсеп жана штаб тартылган.
Мындан сырткары, өрт катталган аймактагы жабык контейнерлерди ачуу иштерин жүргүзүүгө “Куткаруу кызматынан” кызматкерлер тартылган.
Ошондой эле жеринде “Тазалык” ишканасынан 3 суу ташуучу унаа жана тез жардам кызматынан 3 бригада иш алып барууда.