Өлкөнүн аймактарында жайыт чөптөрүнүн үрөндөрү себилүүдө

Коом 24 март 2025 15:00
WhatsApp Image 2025-03-24 at 08.54.07 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-03-24 at 08.54.06.jpeg
WhatsApp Image 2025-03-24 at 08.54.07.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-03-24 at 08.54.07 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-03-24 at 08.54.06.jpeg
WhatsApp Image 2025-03-24 at 08.54.07.jpeg
Алдыга
Артка

Бишкек, 24.03.25. /Кабар/. Өлкөнүн аймактарында жайыт чөптөрүнүн үрөндөрү себилүүдө.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, 2025-жылга карата жайыттарды жакшыртуу максатында 12 млн сомго 94 462 килограмм эспарцет үрөнү жана 42 млн 252 миң 337 сомго 137 725 килограмм жайыт чөптөрүнүн үрөндөрү сатып алынган.

"Бул үрөндөр өлкөнүн ар кайсы региондоруна өз убагында жеткирилип, аймактардагы фермерлерге жана жайыт пайдалануучуларга таратылды. 

Азыркы учурда жалпы аянты 15 299 гектарды түзгөн кунарсыз жайыт жерлерин калыбына келтирүү боюнча себүү иштери кызуу улантылууда", - деп айтылат маалыматта.

Бүгүнкү күнгө карата Ош облусунда Кара-Кулжа району боюнча 175 гектар, Өзгөн району боюнча 754 гектар, Кара-Суу району боюнча 580 гектар, Ноокат району боюнча 70 гектар жана Араван району боюнча 31 гектар жерге үрөн себүү иштери ийгиликтүү аяктады. 

Ал эми Жалал-Абад облусунда Ноокен районуна 900 гектар жана Сузак районуна 300 гектар аянтка себүү жумуштары жүргүзүлдү. Жалпысынан 2 810 гектар кунарсыз жайыт жери жайыт чөптөрүнүн аралашмасы менен эспарцет себилди.