Өлкөнү өзгөрткөн 4 жыл

Коом Загрузка... 28 Январь 2025
copyright icon WWW
Жазгүл Мадинова

Жазгүл Мадинова

Бардык материалдар

Мындан туура төрт жыл мурун өлкө башчы Садыр Жапаровдун инаугурациясы өтүп, расмий түрдө Кыргыз Республикасынын президенти кызматына киришкен. Бул аралыкта мамлекет башчысы чечкиндүү кадамдарга барып, Кыргызстанды өнүгүү жолуна коюуга жетишти. Министрлер кабинети 2024-жылдын жыйынтыгы менен өлкөнүн ички дүң продукциясы 1,5 трлн сомдон ашып, жылдык өсүү темпи 9%ды түзгөнүн жарыялады. Кылым долбоору аталган Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолун курууга старт берилип, ири долбоордун иш жүзүнө ашышы өткөн жылдын соңунда жасалган тарыхый окуя болуп калды.

Өлкөнү энергетикалык каатчылыктан чыгаруу максатында кичи жана ири ГЭСтердин курулушу жүрүүдө.

Мындан тышкары, мамлекет социалдык обьектилердин, ипотекалык үйлөрдүн курулушуна, маданий мекемелерди реконструкциялоого миллиарддаган каражаттарды салды.

Дегеле өлкөдөгү социалдык-экономикалык, тышкы саясат, коррупция менен күрөш, чек ара, күч түзүмдөр жана башка тармактагы өзгөрүүлөр тууралуу “Кабар” агенттигинин журналисттери Кутман Маматазимов жана Жазгүл Мадинованын материалында кенен баяндалат.