Өлкөдөгү бардык аэропорттордун кызматкерлери төш камераларды тагынат - Самидинов

Коом Загрузка... 12 Февраль 2025 12:57
copyright icon "Кыргызстан аэропорттору" ААКсынын маалымат кызматы

Бишкек, 12.02.25. /Кабар/. Кыргызстандагы бардык аэропорттордун кызматкерлери февраль айынан баштап төш камераларды тагына башташат. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропорттору" ААК башкармалыгынын төрагасы Манас Самидинов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

Анын айтымында, бул чара өлкөнүн аэропортторундагы тейлөөнүн сапатын жакшыртуу, коопсуздукту жогорулатууга жана кызматкерлердин ишин көзөмөлдөөгө багытталган. Төш камералар жүргүнчүлөрдү тейлөө учурундагы маанилүү окуяларды каттап, талаштуу кырдаалдарда объективдүү баа берүүгө жардам берет.

"Камералар чыр-чатактарды алдын алууга көмөктөшүп, ошондой эле окуяларды иликтөө үчүн маанилүү инструмент болуп кызмат кылат. Бул технологиянын киргизилиши дүйнөлүк стандарттарга ылайык келүү менен жүргүнчүлөр жана тейлөөчү персоналдын ортосундагы ишеним деңгээлин жогорулатууга шарт түзөт.

Төш камералар ишке киргизилгенден кийин бардык аэропорттордун кызматкерлери тиешелүү окуудан өтүшөт. Камералар белгилүү бир кырдаалдарда видеону автоматтык түрдө жаздырып турат, ал эми жазылган маалыматтарга окуяларды иликтөөгө ыйгарым укуктуу адамдар гана кире алышат",-деди ал.