Социалдык колдоо чаралары кеңейтилди – президент

Коом 10 Апрель 2026 18:20
slider-01.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014 (1).webp
669673959_1524154689719160_5426176030235778489_n.jpg
Алдыга
Артка
slider-01.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014 (1).webp
669673959_1524154689719160_5426176030235778489_n.jpg
Алдыга
Артка

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 10.04.26. /Кабар/. Өлкөдө социалдык колдоо жаатында көп балалуу үй-бүлөлөрдү, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү, жетим балдарды колдоо чаралары кеңейтилди. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-апрелде Ош шаарынын тургундары менен жолугушканда билдирди.

Мамлекет башчысы белгилегендей, бүгүнкү күндө “Үй-бүлөгө көмөк”, “Балага сүйүнчү”, “Келечекке салым”, “Бала береке” долбоорлору ийгиликтүү иштеп жатат.

“Эми эне менен баланы колдоо боюнча ушул жылдын 1-июлунан тарта үй-бүлөсүнүн кирешесине карабай, 3 жашка чейинки бардык балдарга 1 мин 200 сомдон “Бала ырыскысы” жөлөк пулу бериле баштайт”, - деди өлкө жетекчиси.