Кыргызстанда 2022-жылдан тартып жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү оор турмуштук абалдан чыгаруу, турмуш-шартын жакшыртуу ошондой эле алардын өз алдынча иш менен камсыздоо үчүн шарттарды түзүү максатында "Социалдык контракт" программасы ийгиликтүү ишке ашууда. Расмий маалымат боюнча акыркы 3 жылдын ичинде жалпы 3 млрд сомдон ашык каражатка 35 миң 226 үй-бүлө менен “Социалдык контракт” түзүлгөн. Программанын катышуучулары негизинен айыл чарба, өндүрүш, соода-сатык жана кызмат көрсөтүү тармактарында иш алып барышууда.

Аталган программанын катышуучусу, каарманыбыз Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айылынын тургуну, үч баланын энеси Салтанат Жумагулованын жылдык кирешеси миллион сомго чыгып, “миллионер” аталды. Ал 2022-жылы 100 миң сом мамлекеттен жардам алып, эң чоң кыялы болгон кийим дүкөнүн ачкан.

"Алгач "Социалдык контракт" программасы тууралуу аймактык социалдык кызматкерлерден маалымат алгам. 2022-жылы арыз тапшырып, программанын алкагында 100 миң сом алып, соода-сатык менен алектенүүнү чечтим. Биринчи өзүм жашаган Жумгал районун Кызыл-Жылдыз айылында өз үйүмдө чакан азык-түлүк дүкөнүн ачып иштеп баштадым. Ишим жакшы жүрүшө баштагандыктан, 2025-жылы ишмердүүлүгүмдү дагы өнүктүрүү үчүн үч жылдык мөөнөткө мамлекеттен пайызсыз 200 миң сом насыя алдым. Бул каражатка Чаек айылынан ижара төлөө менен кийим-кечек сатуучу дүкөн ачтым. Мисалы, 200 миң сомго товар алсаң, үстүнө жок дегенде 100 миң сом киреше түшөт. Учурда насыянын 3 ай жеңилдигинен кийин негизги сумманы төлөй баштадым”,- деди Жумагулова.

Белгилей кетсек, 2024-жылдан тартып “Социалдык контракттын” негизинде социалдык жардамдын катышуучуларына ишкердик демилгелерин андан ары өнүктүрүү үчүн 200 миң сомдон пайызсыз насыя берүү башталган. Бул программанын максаты программанын катышуучуларына мурда алынган каражаттар менен уюштурулган ишкердикти же көмөкчү чарбаны кеңейтүү, колдоо үчүн пайызсыз насыяларды берүү болуп саналат. Маалымдалгандай, өткөн жылы республика боюнча бул пайызсыз насыяны миңден ашык жаран алган. Ишкер айым мамлекет тарабынан жардам иретинде берилген бул насыяны “Социалдык контракттын” катышуучулары үчүн дагы бир чоң мүмкүнчүлүк деп эсептейт.

“Жеке менин пикиримде пайызсыз насыя бизге окшогон жарандар үчүн абдан чоң мүмкүнчүлүк. Мисалы, азыр 100 миң сомду бир тууганың деле бере албайт. Жөн эле 3 миң сом жөлөк пулду карап отурганча, мага азыр чоң стимул болду. Иштөө, ишкердик баштоо үчүн үчүн шарт түзүп берген социалдык кызматкерлерге, министрликке жана президентибизге чоң ыраазычылыгымды билдирем. Менин максатым ушул мүмкүнчүлүктү колдонуп, аракет кылып ишти улантуу. Үйдө отурган айымдарга, иш жок дегендерге айтаарым болгон мүмкүнчүлүктөрдү колдонуп, изденүү менен алга умтулуңуздар”, - деди ал.
Ошондой эле Салтанат Жумагулова алдыдагы чоң максаты соодасын өнүктүрүү менен мамлекет тарабынан берилген дагы бир мүмкүнчүлүктү колдонуп, ипотека жолу менен Бишкектен батир алуу экенин кошумчалады.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, “Социалдык контракт” долбоорун ишке ашыруунун жүрүшүнө жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгында катышуучулардын 94,2 пайызын негизинен айыл жеринде жашаган айымдар түзөт. Мында 2022-2025-жылдар ичинде 51 миңден ашуун кошумча жумуш орундары түзүлүп, республика боюнча 228 миңден ашык адамдын жашоо-шарты жакшыруу жолуна түшкөн.
Белгилей кетсек, товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө баанын өскөндүгүнө байланыштуу 2025-жылдын март айында социалдык жардамдын өлчөмү 100 миң сомдон 150 миң сомго көбөйтүлгөн.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин иш менен камсыздоого көмөктөштөшүү боюнча чечимдерди даярдоо башкармалыгынын жетектөөчү адиси Гүлмайрам Автандил кызы “Биринчи радионун” түз эфиринен билдиргендей, өткөн жылы өлкөдө 13 миң 331 жаран менен социалдык контракт түзүлүп, жалпы 3 жылдан бери жылдык кирешеси миллионго чыккан 10 жаран аныкталган.

"Социалдык контракт" алгандардын ичинен алгачкы 10 миллионер айымды белгиледик. Бул 2022-2023-жылдары аталган программа менен мамлекеттен каражат алган айымдар. Миллионер десе эле өтө байып кетти деген сөз эмес, бардыгы жылдык кирешеси миллион сомдон ашкан айымдарыбыз. Маалым болгондой, “Социалдык контракттын” катышуучуларынын көпчүлүк бөлүгүн, 90 пайыздан ашыгын айыл жергесиндеги айымдар түзөт. Ошол себептен 10 айымыбызды тең “миллионер” деп атап жатабыз. Бул айымдарыбыз өз иштерин ийгиликтүү ишке ашырып, өздөрүнүн ак эмгегинин аркасынан “миллионер” аталып отурушат. Бул айымдар программанын башка катышуучуларына стимул, үлгү болот деп ойлойбуз”,- деди Автандил кызы.
Быйыл да 13 миңдей үй-бүлөгө 150 миң сомдон кайтарымсыз каражат берилиши мүмкүн, бирок азырынча бул тууралуу так маалымат жок экендигин министрликтин өкүлү кошумчалады.

Жыйынтыктап айтсак, “Социалдык контракт” программасы өлкөдөгү жакырчылыкты жоюуда, калктын өз алдынча ишкердик менен алектенүүсүнө шарт түзүүдө натыйжалуу механизм экенин далилдеди. Мамлекет тарабынан берилген кайтарымсыз жардам жана пайызсыз насыялар аймактардагы айымдардын экономикалык активдүүлүгүн арттырып, жаңы жумуш орундарын түзүүгө, үй-бүлөлөрдүн кирешесин көбөйтүүгө өбөлгө болууда. Бул долбоор келечекте дагы жүздөгөн үй-бүлөлөр үчүн жашоо-шартын жакшыртууга, ишкердик демилгелерди колдоого жана социалдык көз карандылыктан арылууга багытталган ишенимдүү платформа болмокчу.