Өлкөдө финансылык сабаттуулук боюнча окуулар өткөрүлсө болмок – Батиров

Маек Загрузка... 25 Март 2025 16:10
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Эсептөө палатасы

Эсептөө палатасы министрликтерде каражаттар максатсыз пайдаланылганы, аудиттин жыйынтыгы боюнча дал келбестиктер аныкталгандыгы тууралуу байма-бай маалымат берип келет. Биз мындан улам Эсептөө палатасынын аудитору Пардаали Батиров менен маек куруп, ведомстволордо жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыктары боюнча айрым суроолорубузга жооп алдык.

— Пардаали Сулейманович, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде жүргүзүлгөн шайкештик аудит тууралуу кененирээк айтып берсеңиз. Негизги жыйынтыктар кандай болду?

— Аудиттин негизги максаты — министрликтин жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүндө бюджеттин аткарылышынын мыйзамдуулугун жана натыйжалуулугун текшерүү эле. 2023-жылдын 1-январынан тартып 31-декабрына чейинки мезгилди камтыган аудиттин жыйынтыгында жалпы бузуулар жана кемчиликтердин суммасы 233 464,6 миң сомду түздү.

— Бул сумма кандай категорияларга бөлүндү?

— Бузуулар негизинен төрт категорияга бөлүндү:

Финансылык бузуулар — 13 326,8 миң сом. Анын ичинен 5 005,0 миң сому калыбына келтирилди, бирок дагы 8 321,8 миң сому ордуна коюлбай турат. Мисалы, товардык-материалдык баалуулуктардын кем чыгуусу 20,9 миң сомду түзүп, бул сумма толугу менен калыбына келтирилди. Бирок негизсиз командировкалык чыгымдар боюнча 175,0 миң сом аныкталып, анын 8,0 миң сому гана кайтарылды. Мындан тышкары, бухгалтердик эсепке киргизилбей калган дебитордук карыздар 13 130,9 миң сомду түзүп, анын 4 976,1 миң сому гана ордуна коюлган.

Бюджеттин резервдери жана жоготуулары — 98 519,1 миң сом. Бул жерде эмгек акыларды төлөөдөгү бузуулар 92 264,2 миң сомго жетти, ал эми бюджеттин башка жоготуулары жана резерви 6 254,9 миң сомду түздү.

Рационалдуу эмес колдонулган каражаттар — 120 258,0 миң сом, анын 102 655,7 миң сому жергиликтүү бюджеттен алынган. 17 602,3 миң сом кайтарылышы керек болсо, анын 17 520,8 миң сому калыбына келтирилди, калган 81,5 миң сому кайтарылышы керек.

Бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчеттуулуктун тартибин бузуу — 1 360,7 миң сом. Бул сумманын 179,2 миң сому ордуна коюлду, ал эми 1 181,5 миң сом боюнча иштер жүрүп жатат.

— Мамлекеттик сатып алууларда да маселелер болгонбу?

— Туура байкадыңыз, “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамдын бузулушу боюнча 69 964,0 миң сом суммасында мыйзам бузуулар аныкталды. Көпчүлүк учурларда сатып алуулар ачык-айкын жүргүзүлбөй, атаандаштык принциби сакталган эмес.

— Аудит учурунда бул бузууларга кандай чаралар көрүлдү?

— Аудиттин жүрүшүндө жалпы 22 705,0 миң сом калыбына келтирилди. Калган суммалар боюнча министрликке жана тиешелүү мамлекеттик органдарга буйруктар берилди. Бузууларды жоюу жана финансылык тартипти бекемдөө максатында министрликке конкреттүү сунуштар киргизилди.

— Бул жыйынтыктар министрликтин ишмердүүлүгүнө кандай таасир этет?

— Бул аудит министрликтин финансылык тартибин жакшыртууга жана бюджеттик каражаттарды максаттуу пайдаланууга өбөлгө түзөт деп ишенебиз. Буга катар, мамлекеттик сатып алуулардагы жана каржылык тартиптеги кемчиликтерди жоюу боюнча көзөмөл күчөтүлүшү керек.

— Кандай сунуш-пикирлер берилди?

— Биринчиден, финансылык отчеттуулукту так жүргүзүү керек. Экинчиден, мамлекеттик сатып алуулардагы ачык-айкындуулукту жогорулатуу зарыл. Үчүнчүдөн, дебитордук карыздарды өз убагында калыбына келтирүү боюнча чараларды күчөтүү керек. Ошондой эле, кадрлардын компетенттүүлүгүн жогорулатуу максатында финансылык сабаттуулук боюнча окууларды өткөрүлсө да жакшы болмок.

— Маегиңизге чоң рахмат, Пардаали Сулейманович.

— Сиздерге да рахмат.