Өлкөдө бир жумада 25 миңден ашык жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды

Укук тартиби 1271 30 Июнь 2025 11:35
IMG_8282.JPG
IMG_8206.JPG
Алдыга
Артка
IMG_8282.JPG
IMG_8206.JPG
Алдыга
Артка
copyright icon ЖКККББ

Бишкек, 30.06.25 /Кабар/. Кыргызстанда 23-июндан 29-июнга чейин алдын ала маалымат боюнча, 25 миң 374 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын ичинен:

  • тийиштүү документтери жок транспорт каражатын башкаруу – 779;
  • мас абалында унаа башкаруу – 331;
  • унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 157;
  • жөө жүргүнчүлөрдүн катышуусунда жол эрежесин бузуу – 672;
  • унааны эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 4 749;
  • авто ээнбаштык – 18;
  • белгиленген ылдамдыктан ашуу – 4 495;
  • жалган мамлекеттик номуру менен унаа башкаруу – 9;
  • башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 11 468;

Мындан тышкары, ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 2 696  унаа айып короого токтотулган.