Өлкөдө акыркы суткада 5 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 11 март 2025 10:25
Өлкөдө акыркы суткада 5 өрт кырсыгы катталды
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 11.03.25. /Кабар/. Өлкө аймагында акыркы суткада 5 өрт кырсыгы катталды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен:

- Бишкек шаарында – 1;
- Чүй облусунда – 2;
- Жалал-Абад облусунда – 1;
- Баткен облусунда – 1.

Тилсиз жоону өчүрүүгө 6 күжүрмөн эсеп тартылган. Ал эми куткаруу кызматтары тарабынан 4 чыгуу болду.