"Ылдам" кепилдиги: Өлкөдө 540 ишкер 1,6 млрд сом насыя алды — Кабар

"Ылдам" кепилдиги: Өлкөдө 540 ишкер 1,6 млрд сом насыя алды

Экономика 28 август 2026 17:20
cf10b2b8ca679d5ef79776490c2a18f3.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 28.08.26. /Кабар/. "Кепилдик фонд" ААКтын "Ылдам" портфелдик кепилдиги аркылуу Кыргызстандын ишкерлери 1,6 млрд сомго жакын кредиттик каражат тартты.

Кепилдик фондунун маалыматына караганда, продукт ишке киргизилгенден бери жалпы суммасы 346 млн сом болгон 540 кепилдик берилген.

"Ылдам" кепилдигинин негизги өзгөчөлүгү - аны алуу жол-жобосунун жөнөкөйлөштүрүлүп, тездетилгендиги. Ишкер белгиленген талаптарга жооп берген учурда кепилдик фонд тарабынан кошумча кароосуз жана талдоосуз, финансы-кредиттик уюмдун чечими менен берилет", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле кепилдик күрөөнүн жетишсиз бөлүгүн жабууга мүмкүндүк берип, ишкерлерге бизнесин өнүктүрүү үчүн каржылоого жетүүнү жеңилдетет.

"Кепилдик фонд" ААК ишкерлердин финансылык ресурстарга жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу үчүн кепилдик инструменттерин өнүктүрүүнү улантууда.