Өлкөдө бир катар медициналык имараттар курулууда

Ден соолук 21 август 2026 17:55
Өлкөдө бир катар медициналык имараттар курулууда
copyright icon Саламаттык сактоо министрлиги

Бишкек, 21.08.26. /Кабар/. Кыргызстанда учурда саламаттык сактоо тармагына тиешелүү 40тан ашык объекттин курулушу уланууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин коллегиясынын жыйынында маалымдалды.

Маалыматка ылайык, 2026-жылы аталган курулуш жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга 13,2 млрд сом каралган.

"Коллегияда объектилердин курулушун көзөмөлдөөнү күчөтүү жана медициналык жардамдын сапаты менен жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча милдеттер белгиленди",-деп айтылат маалыматта.