Өлкөдө 4 күндө терезесин мыйзамсыз караңгылаткан айдоочуларга 3,5 млн сом айып салынды

Коом Загрузка... 12 Февраль 2025 09:00
st_prc_t_s_a_img4.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 12.02.25. /Кабар/. Төрт күндө терезелерин мыйзамсыз караңгылаткан айдоочуларга 3 млн 540 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, башкармалыктын Техникалык көзөмөлдөө бөлүмү 3-февралдан 7-февралга чейин  өлкө аймагында “Караңгылаткан айнек” аталышында рейддик иш-чара өткөрдү.

Анын жүрүшүндө терезелерин мыйзамсыз караңгылаткан 177 айдоочу аныкталып, жалпы 3 млн 540 миң сом айып  салынды.             

Анын ичинен:

  • Бишкек шаарынан - 98 айдоочу;
  • Ош шаарынан - 28 айдоочу;
  • Ош облусунан  - 6 айдоочу;
  • Чүй облусунан - 6 айдоочу; 
  • Жалал-Абад облусунан - 14 айдоочу;
  • Баткен облусунан - 6 айдоочу; 
  • Ысык-Көл облусунан - 12 айдоочу;
  • Нарын жана Талас облустарында - 7ден айдоочу.