Өлкө аймагында акыркы суткада 10 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 27 май 2025 10:38
Өлкө аймагында акыркы суткада 10 өрт кырсыгы катталды
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 27.05.25. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде 10 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 11 бөлүм тартылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Бишкек шаарында – 4 , Ош шаарында – 2, Чүй облусунда – 1, Жалал-Абад облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 1, Баткен облусунда – 1.

Куткаруу кызматтары тарабынан 3 чыгуу болду.