Лебединовка – ГЭС-5 унаа жолунун курулушу аяктады

Коом 5 октябрь 2026 10:05
Лебединовка – ГЭС-5 унаа жолунун курулушу аяктады

Бишкек, 05.10.26 /Кабар/. Лебединовка – ГЭС-5 автожолунун курулуш иштери 99% аяктады. Жолдун жарыктандыруу системасы да ишке киргизилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, жол мамлекеттин бюджетинин эсебинен курулууда. Эки тилкелүү болгон жол төрт тилкеге кеңейтилип, заманбап талаптарга ылайыкташтырылды. Ошондой эле негизги жолго кошумча тилке курулду.

Жолду жарыктандыруу системасы кечээтен тартып иштей баштады.

“Ал аймактагы жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатып, түнкүсүн айдоочулар жана жөө жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу шарт түзүүгө багытталган”, – деп айтылат маалыматта.