«Кызмат» мекемесинин 30 жылдан бери өзүнүн имараты болгон эмес – Туманбаев

Коом Загрузка... 05 Март 2025 18:05
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 05.03.25. /Кабар/. «Кызмат» мамлекеттик мекемесинин 30 жылдан бери өзүнүн имараты жок. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев билдирди.

Анын айтымында, бул жылдары мекеме бир имараттан экинчи имаратка көчүп жүргөн.

«Учурда алар «АЮ Гранд» соода борборунда жайларды ижарага алып иштеп жатышат. Аларга эч кандай шарт түзүлгөн эмес. Эми аларга да, жарандарга да ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн жаңы имарат куруп жатабыз», - деди ал.

Ал ошондой эле эки агенттикти бир жерге жайгаштыруу калк үчүн пайдалуу болорун баса белгиледи.

«Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен эл бир справка үчүн кадастрдык борборлордо, калкты тейлөө борборлорунда узун кезекке турууга аргасыз болуп, шаар ичинде тыгындар жаралууда. Бул жерде санариптештирүү негизги артыкчылык болуп калат. Кошумчалай кетсек, комплекс шаардын четинде курулуп жаткандыктан, унаа тыгыны көйгөйүн курчутпайт», - деп белгиледи Туманбаев.