Кышкы Азия оюндары: Кёрлинг боюнча улуттук курама Кувейттин командасын жеңди

Спорт Загрузка... 04 Февраль 2025 13:45
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon Дене тарбия жана спорт департаментинин басма сөз кызматы

Бишкек, 04.02.25. /Кабар/. Кытайдын Харбин шаарында өтүп жаткан Кышкы Азия оюндарынын алкагында кёрлинг боюнча мелдештер башталды.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, Кыргызстандын улуттук курама командасы Кувейт курама командасын 8:6 эсебинде жеңди. Экинчи беттеште Филиппин курама командасы менен күч сынашат.

Эске салсак, Кышкы Азия оюндарына Кыргызстандын атынан хоккей, биатлон, слалом, кёрлинг жана көркөм муз тебүү боюнча 53төн ашык спортчу катышууда.