Кыш мезгили башталгандан бери 818 өрт кырсыгы катталып, 8 адамдын өмүрү кыйылды

Кырсык Загрузка... 28 Январь 2025
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon ӨКМдин басма сөз кызматы

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 28.01.25. /Мээрим Дүйшөналиева — Кабар/. Өлкөдө кыш мезгили башталгандан бери 818 өрт кырсыгы катталып, 8 адамдын өмүрү кыйылды. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өрт өчүрүү жана алдын алуу башкармалыгынын башчысынын орун басары Асхат Муканов билдирди.

Анын айтымында, тилсиз жоо көбүнчө турак жайларда көп катталууда.

"Кыш мезгили башталгандан тартып азыркы күнгө чейин өлкө аймагы боюнча 818 өрт кырсыгы катталып, анын кесепетинен 8 адам каза тапты. Мурдагы жылдын ушул мезгилинде 703 өрт кырсыгы катталып, 9 адам көз жумган", - деди ал.

Асхат Мукановдун пикиринде, статистикалык маалыматтар көрсөткөндөй, тилсиз жоо айрыкча Бишкек шаарында жана Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарында көп кездешүүдө.

Кыш мезгилинде бул аймактарда катталган өрт кырсыктарынын саны төмөндөгүдөй:

Бишкек шаары – 112;

Чүй облусунда – 107;

Ош облусунда – 87;

Жалал-Абад облусунда – 89.

Асхат Муканов белгилегендей, жылыга өлкөдө 3 миңден ашуун өрт кырсыктары катталат. Алар 10%га азайып же ушунча пайызга жогорулап турат. Салыштыра келгенде, быйыл өрт кырсыктарынын саны былтыркы жылга караганда 10%га аз.

"Өрт кырсыктарын алдын алуу багытында жарандарга түшүндүрүү иштерин азыр да улантып жатабыз. Анда биздин адистер от жагууда, электр жабдууларын колдонууда өрт коопсуздугун сактоого өзгөчө көңүл буруу керектигин байма-бай айтып, кеп-кеңештерди берүүдө. Анткени өрт кырсыктары кыш мезгилинде мештерди жана электр жабдууларын туура эмес колдонгондон келип чыгат. Ошондой эле электр зымдарынын чыңалуусу да өрттүн тутанышына алып келет. Мындан улам жарандар биздин адистердин айткандарына кайдыгер карабашы керек. Ар бир жаран үйдөн же жумушунан чыгып жатканда электр жарыгын, электр жабдууларын өчүрүп чыгуусу зарыл", - дейт Асхат Муканов.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, былтыр 3151 өрт кырсыгы катталып, анын кесепетинен 47 адам каза тапкан. 2023-жылы 3498 тилсиз жоо болуп, 35 адамдын өмүрү кыйылган.