Кыргызстандын жогорку окуу жайларында англис тилин билүү деңгээли жогорулатылат

Билим Загрузка... 10 Февраль 2025 17:03
rASUL_aBAZBE_UULU.2e16d0ba.fill-800x500.jpg
copyright icon Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 10.02.25. /Кабар/. Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү менен жыйын өткөрдү.

Ведомстводон кабарлашкандай, жыйындын жүрүшүндө министрдин 2024-жылдын 2-июлундагы буйругу менен бекитилген Чет тилин билүү деңгээлин жогорулатуу концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын ишке ашыруу боюнча талкуу болду.

Ошондой эле ЖОЖдордун окутуучуларынын англис тилин билүү деңгээлин жогорулатуу боюнча иш-чараларды ишке ашыруу жана анын жыйынтыгын көзөмөлдөө боюнча маселелер жана сунуштар талкууланды.

Белгилей кетсек, иш-чарага борбордук жана аймактык жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү катышты.