Бишкек, 05.02.25. /Кабар/. Кыргызстандын оор атлетика боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү эл аралык мелдештерге даярдык көрүү максатында Өзбекстандын Ташкент шаарында өтүп жаткан Эл аралык окуу-машыгуу жыйынына катышууда.
Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, 12-январда башталган окуу-машыгуу жыйыны бүгүн жыйынтыкталат.
Курама команданын тизмеси:
- 55 кг Арсен Шарипов;
- 61 кг Алихан Наркулов, Хамза Самудинов, Турдубек Калыбеков;
- 67 кг Ишимбек Муратбек уулу, Мухамедали Тажидиноов, Эрбол Сарпашев,Нурсултан Нургазиев;
- 73 кг Темирлан Жакыпбеков,
- 89 кг Эмиль Молдодосов, Нурислам Эркебаев;
- 96 кг Нурсултан Тармалов, Фарух Шокиржанов;
- 102 кг Нурмухамбет Касенов;
- 109 кг Олег Шептунов;
- Камбар Токтоналиев улук машыктыруучу;
- Бактыбек Ахмедов башкы машыктыруучу.
Белгилей кетсек, окуу-машыгуу жыйыны Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын 2025-жылга алыган календардык планына ылайык өткөрүлүүдө.