Ташкент, 12.03.25. /Кабар/. Кыргызстандын өкүлдөрү Ташкентте "Жогорку деңгээлдеги саясат диалогу: Борбор Азиядагы экологиялык максаттарга жетүү үчүн каржылоону жана инвестицияны кеңейтүү" аталышындагы эл аралык конференцияга катышты.
Алар Энергетика министрлигинин энергиянын кайра жаралуучу булактары башкармалыгынын башкы адиси Нурадил Бейшенов жана министрликтин алдындагы Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу департаментинин лицензиялоо жана көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Айбек Абакиров.
Иш-чара катышуучулары экологиялык долбоорлорду, анын ичинде суу, энергетика жана жер ресурстарын коргоо, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана жаратылышка негизделген чечимдерди ишке ашырууну каржылоодогу негизги көйгөйлөрдү талкуулашты. Таза суу экосистемаларына, суунун натыйжалуулугуна, булганууну көзөмөлдөөгө жана туруктуу айыл чарбасына өзгөчө көңүл бурулду.
Жашыл экономикага, өзгөчө энергиянын кайра жаралуучу булактарына инвестицияларды тартууда прогресске карабастан, Борбор Азия өлкөлөрү (Казакстан, Кыргызстан, Монголия, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан) башка курч экологиялык чөйрөлөрдө каржылоо жетишсиздигине дуушар болуп жатканы айтылды.
Конференцияда каржылык институттарды координациялоонун стратегиялык артыкчылыктары, анын ичинде инвестициялык жагымдуулукту жогорулатуу үчүн аралаш инструменттерди колдонуу аныкталды. Негизги натыйжалардын бири ЕРӨБ тарабынан башкарылган Жаратылыш үчүн Борбордук Азия өнөктөштүгү, экологиялык инвестицияларды жана жаратылышка позитивдүү стратегияларды колдоо фондун түзүү болду.
Эксперттердин айтымында, Ташкенттеги диалог аймактык кызматташтыкты чыңдоодо жана Борбор Азиядагы экологиялык демилгелерди каржылоонун жаңы механизмдерин иштеп чыгууда маанилүү кадам болду.