Бишкек, 12.02.25. /Кабар/. Кыргызстандын бир катар кызмат адамдары ЖККУнун сыйлыктары менен сыйланды.
Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, 2024-жылдын 28-ноябрында Астана шаарында кол коюлган Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) Жамааттык коопсуздук кеңешинин Чечимине ылайык, Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Кыргызстандын бир катар кызмат адамдарына ЖККУнун сыйлыктарын тапшырды.
Уюмдун өнүгүшүнө жана бекемделишине кошкон зор салымы үчүн өлкөнүн министрликтеринин жана ведомстволорунун өкүлдөрү ЖККУнун I жана II даражадагы Ардак белгилери, ЖККУнун Ардак грамоталары, ошондой эле “Жамааттык коопсуздукту чыңдаганы үчүн” жана “Тынчтыкка бирге” медалдары менен сыйланышты.
Салтанатта сөз сүйлөгөн Марат Иманкулов сыйлык алгандарга жигердүү иштери үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстандын ЖККУга төрагалыгы учурунда ишмердүүлүктүн жогорку натыйжалуулугун сактоо маанилүү экенин баса белгиледи.
2024-жылдын жыйынтыгы боюнча сыйлык алгандардын тизмеси:
ЖККУнун I даражадагы Ардак белгиси:
- Марат Иманкулов, КР Коопсуздук кеңешинин катчысы;
- Муратбек Азымбакиев, КР президентинин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы;
- Бактыбек Бекболотов, КР коргоо министри.
ЖККУнун II даражадагы Ардак белгиси:
- Марат Маралбаев, КР УКМКсынын Чек ара кызматынын директорунун биринчи орун басары – Башкы штабдын начальниги.
ЖККУ ЖКК Ардак грамотасы:
- Жолдошбек Мамбеталиев, КР президентинин администрациясынын Кырдаалдык борборунун директору;
- Тургунбек Дооронбеков, КР президентинин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн эксперти;
- Асхат Муратканов, КР ИИМ ББ Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын башчысы;
- Абзалбек Эргешов, КР Коргоо министрлигинин Эл аралык аскердик кызматташтык башкармалыгынын Тышкы байланыштар жана верификация бөлүмүнүн улук офицери.
«Жамааттык коопсуздукту чыңдаганы үчүн» медалы:
- Ааламбек Арыков, КР УКМК Чек ара кызматынын укуктук камсыздоо башкармалыгынын мыйзам чыгаруу иши башкармалыгынын начальниги;
- Айчүрөк Набиева, КР ИИМ МКББ ага инспектору.