Кыргызстандын авиация тармагынын абалы. Мурдагысы жана бүгүнкүсү

Интервью Загрузка... 24 Февраль 2025 20:20
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги, WWW

Кыргызстандын авиация тармагында акыркы жылдары бир катар алгылыктуу иштер жасалды. Бүгүнкү күндө тармакты жакшыртууга багытталган аракеттер дагы да улантылууда. “Кабар” агенттиги Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Канат Төлөгөнов менен авиациянын күңгөй-тескейи тууралуу маектешти.

WhatsApp Image 2025-02-20 at 17.45.14.jpeg

Кыргызстандын авиация тармагында көзөмөлдү күчөтүү боюнча кандай иштерди жүргүзүп жатасыздар?

Президент Садыр Жапаров өлкөдө жаңы авиакомпанияларды каттоого жана сертификациялоого мораторий киргизген. 2024-жылдын ноябрь айында мамлекет башчысы “Авиакомпанияларды каттоого жана операторлук күбөлүктөрдү берүүгө тыюу салуу жөнүндө” жарлыкка кол койгон. Анын негизинде президенттин тиешелүү чечими чыкканга чейин жаңыдан түзүлгөн авиакомпанияларга операторлук күбөлүктөрдү каттоого жана берүүгө тыюу салынган. Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги белгиленген тартипте Кыргызстандын чегинен тышкары гана учууларды жүзөгө ашырган авиакомпаниялардын, ошондой эле Кыргызстандын аэропортторунда бир айдан ашык турбаган аба кемелери (самолеттору/вертолеттору) бар авиакомпаниялардын ишине текшерүүнү жүргүзүү, текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча талаптарга жооп бербеген авиакомпаниялардын каттоосун жана операторунун сертификатын жокко чыгаруу керектиги белгиленген.

Podpisanie_1.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Бул жарлыктын негизинде Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги тарабынан пландан тышкаркы текшерүүлөр жүргүзүлдү. 2024-жылы ишмердигинде одоно катачылыктары бар 1 авиакомпаниянын сертификаты жокко чыгарылды, 4 авиакомпаниянын сертификаты убактылуу токтотулду, ошондой эле ишмердигинде катачылык аныкталган авиакомпаниялар үчүн жалпысынан инспекторлор тарабынан 23 жазма эскертүү жана 22 айып пул салынган. Бул иш-чара менен Кыргызстандын авиакомпанияларына көзөмөл алда канча күчөдү жана мындай иштер Европа Биримдигинин “кара тизмесинен” чыгууга абдан маанилүү болуп саналат.

Бүгүнкү күндө тармакта кандай иштер жасалды, 10 жыл мурдагы абал менен азыркы абалдын айырмасы барбы?

wr-960.webp

Акыркы жылдары Кыргызстандын жарандык авиациясы бир топ оң өзгөрүүлөргө жетишти. Кыргызстан ичиндеги аэропорттордун модернизацияланып, калыбына келди, СССР убагынан бери турган “Талас” жана “Каракол” аэропорттору ишке кирди. 2024-жылы мамлекеттик “Асман Эйрлайнс” авиакомпаниясы түзүлдү, ал үчүн 2 учак алынды, бул жылы дагы бир учак келет, ошондой эле чет өлкөгө каттамдарды жасаганга узак магистралдуу учактарды алуу каралып жатат. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын авиация тармагы бардык эл аралык стандарттарга шайкеш келди. 10 жыл мурдагы абалга кайрылсак, ал кезде коопсуздук стандарттары боюнча жетишсиздиктер бар эле, инфраструктура эскирген, ал эми эл аралык каттамдардын саны аз болчу. Учурда тарыхта биринчи жолу Европа Биримдигинин “кара тизмесинен” чыгуу боюнча финалдык баскычка жеттик. Буга чейин бул маселе бир гана каттар аркылуу жазышуу менен эле токтоп калчу.

DOS_3501-1-1.jpg

Кыргызстандын авиакомпаниялары Европанын “кара тизмесинен” качан чыгат. Бул үчүн кандай иштер жасалууда?

Учурда Кыргызстан өлкө катары бул тизмеде болгону үчүн биздин авиакомпаниялар автоматтык түрдө ошол тизмеге кирди. Биринчи Кыргызстан өлкө катары бул тизмеден чыгышы зарыл. Андан соң авиакомпаниялар өз алдынча бардык зарыл текшерүүлөрдөн өтүп чыга башташат. Акыркы 2 жыл ичинде масштабдуу иштер аткарылды, азыр деле улантылууда. 2025-жылдын январь айында EASA жана DG Move эксперттери менен онлайн-аудит жүргүзүлдү. Аудиттин жыйынтыгында европалык тарап Кыргызстандын даярдыгынын жогорку деңгээлин белгиледи. Эми март айында европалык эксперттер Бишкекке келип текшерүү жүргүзүшөт. Кыргыз Республикасын Европа Биримдигинин “кара тизмесинен” чыгаруу чечими Еврокомиссиянын Транспорт комитетинде каралат. Аудиттин жыйынтыгы ноябрь айындагы Транспорт комитетинин чогулушунда каралат. Жогоруда мен айткандай, азыр биз Кыргызстанды “кара тизмеден” чыгарууда финалдык этапка чыктык.

WhatsApp Image 2025-02-20 at 17.42.01 (1).jpeg

— Кыргызстандын авиакомпаниялары канчанчы жылдан бери Европанын “кара тизмесинде”? Эмне себептен?

Кыргызстан Европа Биримдигинин (ЕБ) айтылуу “кара тизмесине” учуу коопсуздугунун стандарттарына шайкеш келбегендигинен улам кирген. 2006-жылы европалык жөнгө салуучу органдар Кыргызстандын авиакомпанияларынын ишиндеги кемчиликтерди жана улуттук авиация коопсуздук тутумундагы жетишсиздиктерди аныкташкан. 2025-жылы биз Европа Биримдигинин “кара тизмесинде” болгонубузга туура 19 жыл болот.

Кайсы өлкө менен түз аба каттамдарын ачуу келишимине кол коюлду. Алар качан ишке ашат?

356248.original.max-1920x1080.format-webp.webp

Бүгүнкү күндө 31 өлкө менен аба каттамдары боюнча макулдашуулар түзүлгөн. Анын ичинен Россия, Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан, Түркия, Кытай, Корея, Бириккен Араб Эмираттары, Сауд Аравиясы, Кувейт, Индия, Пакистан өлкөлөрү менен түз үзгүлтүксүз каттамдар аткарылууда. Ошондой эле өткөн жылдын декабрь айынан тартып Вьетнам жана Таиланд өлкөлөрүнө чартердик каттамдар ачылган. Алар жумасына эки же үч жолудан суроо-талапка жараша аткарылып жатат. Мындан тышкары, Египет менен дагы чартердик каттамдар бар. Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги башка өлкөлөр менен дагы аба каттамдарын ачуу боюнча иш алып барат. Бирок айта кетчү нерсе, каттамдары ачуу үчүн жүргүнчүлөрдүн саны жетиштүү болушу керек. Аба каттамдарын ачуу бул чоң иш-чара, анткени эксплуатациялык чыгымдар абдан чоң. Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги кыргыз авиакомпаниялары жана чет өлкөлүк авиакомпаниялар менен туруктуу негизде жаңы каттамдарды ачуу же мурда аткарылган каттамдарды жандандыруу боюнча туруктуу негизде иш алып барат. Ошондой эле дагы башка өлкөлөр менен аба каттамдарды түзүү жөнүндө макулдашуулардын долбоорлорунун үстүндө иштеп жатат. Айта кетсек, буга Бахрейн, Оман, АКШ, Египет, Иордания, Кипр, Вьетнам, Люксембург жана башка өлкөлөр кирет.

Европа Биримдигинин кара тизмесинен чыксак, Европа өлкөлөрү менен да аба каттамдарын кайрадан жандандыруу боюнча иш жүргүзүлөт. Бирок буга карабастан европалык авиакомпаниялар менен да каттамдарды ачуу боюнча сунуштар дайыма көтөрүлүп келет.

WhatsApp Image 2025-02-20 at 17.45.14 (1).jpeg

Кадрлардын жана диспетчерлердин тажрыйбасын жогорулатуу боюнча Кыргызстандын кайсы өлкөлөр менен алакалары бар?

2025-жылдын февраль айында Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги жана Нидерланддык авиациялык окуу-борбору (JAA TO) менен меморандумга кол коюлду. Бул окуу борбор авиация тармагы боюнча дүйнө жүзүндө алдынкы орундардын бирин ээлейт. JAA TO окуу борбору сунуштаган курстар көбүнчө Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин инспектордук курамына багытталган. Диспетчерлер тууралуу айтсак, диспетчердик курам квалификация жогорулатуу боюнча курстарды өтүү үчүн Прагалык авиация окутуу борборуна барат. Алар менен биздин макулдашуубуз бар, бирок азыр биз башка өлкөлөрдөгү окутуу борборлор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Мисалы, Франция жана Бириккен Араб Эмираттарын белгилесек болот.

WhatsApp Image 2025-02-20 at 17.43.02.jpeg