Кыргызстандыктар Улуу Британияга сезондук жумуштарга чакырылууда

Коом Загрузка... 12 Февраль 2025 14:34
pilotnaya-programma-v-velikobritan.2e16d0ba.fill-800x500.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 12.02.25. /Кабар/. Улуу Британиядагы сезондук айыл чарба жумуштарына «HOPS Labour Solutions Ltd» (HOPS) оператору аркылуу онлайн каттоо жакында ачылат. Бул тууралуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору маалымдайт.

Ведомстводон билдиришкендей, төмөндө тандоо этаптары:

Онлайн каттоо 2025-жылдын 17-февралында саат 15:00 – 19:00 чейин (Бишкек убактысы боюнча) ачылат.

HOPS каттоо системасына шилтеме төмөнкү платформаларга жарыяланат:

Борбордун расмий сайты – www.migrant.kg;
Instagram баракчасы – info.migrant.kg;
HOPS расмий сайты – https://www.hopslaboursolutions.com/recruitment-instructions.

Каттоодон ийгиликтүү өтүү үчүн төмөнкүлөр талап кылынат:

  • Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспорту;
  • Gmail электрондук почтасы (дарек паспорттогу аты-жөнүңүзгө дал келиши керек);
  • Ачык түстөгү фондо тартылган паспорттук форматтагы сүрөт (электрондук түрдө).

Маанилүү! Онлайн каттоо кийинки тандоо этаптарына катышууга кепилдик бербейт – бул сиздин кызыкдар экениңизди гана тастыктайт.

Онлайн тестирлөө HOPS оператору тарабынан 2025-жылдын 21-23-февралында өткөрүлөт.

Тестирлөөнүн деталдары тандалып алынган талапкерлерге электрондук почта аркылуу жөнөтүлөт. Почтаңызды, анын ичинде "Спам" папкасын текшерип туруңуз.

Офлайн маектешүү HOPS өкүлдөрү тарабынан жүргүзүлөт.

Эгерде онлайн тестирлөөдөн кийин офлайн маектешүүгө чакыруу албасаңыз, анда сиз тесттен өтпөй калганыңызды билдирет.

Катышуучулар үчүн талаптар:

  • Жаш курагы 18 жаштан жогору;
  • Орус тилин жакшы деңгээлде билүү;
  • Канааттандырарлык физикалык жана психологиялык абал.

Иштөө шарттары:

  • Сааттык эмгек акы – 11.44 фунт стерлинг;
  • Кепилденген жумуш убактысы – жумасына 32 саат;
  • Виза төлөмү – 298 фунт стерлинг;
  • Авиабилеттин баасы валюта курсуна жана сатып алуу учуруна жараша болот.

Маанилүү! Тандоо жараянын HOPS толугу менен өзү жүргүзөт. Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору бул процесске катышпайт.

Сезондук жумуш программасы боюнча ишке орношуу – толугу менен акысыз!
Шылуундардан жана акча талап кылган коммерциялык компаниялардан сак болуңуз!