Бишкек, 15.09.26 /Кабар/. Кыргызстандыктардын Казакстанга кирүү жана ал жакта болуу тартиби өзгөрүүсүз бойдон калууда.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, учурда QazETA системасы пилоттук режимде иштеп жатат жана азыркы этапта Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн аталган системаны колдонуу милдеттүү эмес.
Миграциялык эрежелерге өзгөртүүлөр киргизилген учурда, ошондой эле казак тараптан расмий маалымат келип түшкөндө, министрлик жарандарды белгиленген тартипте кошумча маалымдайт.