Бишкек, 16.09.26 /Кабар/. Кыргызстандык студенттер, жаш ишкерлер, стартаперлер, IT адистери, окумуштуулар жана инноваторлор технология, ишкердик, өнөр жай, илим жана билим берүү тармактарындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган “Türk Forum 2026” эл аралык программасына катыша алышат.
Илим, жогорку билим берүү жана инновация министрлигинин маалыматына ылайык, программага катышуу акысыз. Арыздар жеке катышуучулардан жана долбоордук командалардан түрк же англис тилдеринде кабыл алынат. Арыз берүүнүн акыркы мөөнөтү — 30-сентябрь.
Тандоодо долбоордун инновациялуулугу, ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү, технологиялык баалуулугу жана социалдык таасири эске алынат. Тандоо концепциялык сунуш берүү, долбоорду деталдуу иштеп чыгуу жана финалдык презентация деген үч этап менен өткөрүлөт. Ал эми программанын финалы 9–11-декабрда Түркиянын Анкара шаарында өтөт.
Жеңүүчүлөргө байге каралган. Биринчи орунга 250 миң түрк лирасы, экинчи орунга 150 миң түрк лирасы берилет.
Чет өлкөлөрдөн келген финалисттердин командасынан үч катышуучунун чыгымдары уюштуруучулар тарабынан каржыланат.
Арыз берүү үчүн электрондук дарек: proje@ivedikosb.org.tr. Программа тууралуу кененирээк маалыматты https://turkforum.ivedikosb.org.tr/ расмий сайтынан алууга болот.