Бишкек, 28.01.25. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. Кыргызстандык стилист Россияда өткөн “Звезда Estel” аталышындагы стилисттердин эл аралык сынагында гран-принин ээси болду. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине гран-принин ээси стилист Азур Насирдинова билдирди.
Ал белгилегендей, сынак Россиянын Санкт-Петербург шаарында өтүп, ага Россиядан, Казакстандан, Өзбекстандан, Беларустан, Азербайжан өңдүү өлкөлөрдөн жалпысынан 3 миңден ашуун катышуучу барган.
“Алардын ичинен, финалга 50 катышуучу чыкты. Финалда ар бир катышуучу ар кандай номинацияда ат салышты. Мен мырзалардын авангард стили номинациясында гран-приге ээ болдум. Мага “Estel” компаниясынын директору Лев Охотин тарабынан жылдыздын айкели тапшырылды. Ошондой эле 150 миң рубль өлчөмүндөгү сыйлык жана профессионалдык шаймандар салынган чоң чемодан берилди”,-деди ал.
Азур Насирдинова кесипкөй чач тарач, стилист. Сулуулук индустриясында 10 жылдан бери эмгектенип келет.