Бүгүн президент Садыр Жапаров Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүгө кошкон салымдары үчүн бир катар ишкерлерди мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө жарлыкка кол койду. Кыргыз Республикасынын экономикасын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн “Даңк” медалы менен - “Ак-Куу” ачык акционердик коомунун башкы директору Нургүл Малабаева сыйланды. Бул ирээт “Кабар” маалымат агенттиги сыйлыкка татыктуу болгон ишкер Нургуль Малабаева менен ишкерлерге мамлекет тарабынан болгон колдоо жана алдыда жасала турчу иштер туурасында маек курду.
- Саламатсызбы? Бул тармакка кантип келип калгандыгыңыз тууралуу кеп салсаңыз?
- Бул тармакка мен 2000-жылы келгенмин. “Ак-Куу” ачык акционердик коомуна мени ошол жылы Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен жиберишкен. Ошол жылдан бери бүгүнкү күнгө чейин ушул тармакта эмгектенип келе жатам. Ал эми фабрикага келе турган болсок. Фабрика 1966-жылы Советтер Союзунда бардык стандарттарга ылайык түзүлгөн. Убакыттын өтүшү менен модернизацияланып, сапаты күндөн күнгө жакшырууда. Фабриканын негизги продукциясы диеталык азыктарды - жумуртка жана тооктун этин, ошондой эле жарым фабрикаттарды өндүрүү болуп саналат.
- Бүгүн президенттин “Даңк” медалы менен сыйландыңыз. Сыйлыгыңыз кут болсун! Өз тармагыңыздын мыктысы боло алдым деп эсептейсизби?
- Жарык дүйнөгө келген ар бир адам кичинесинен эле алдына максат коюп чоноёт. Элге кызмат кылсам экен, коомго пайдалуу болсом дейт экен. Менин да бир топ максатым, арзууларым бар эле. Коюлган ар бир максатыма буйруса жетип келе жатам. Президентибиздин биздин кылган эмгегибизди баалап, колдоо көрсөтүп жатканына ыраазычылык билдирем. Мен учурда бир гана фабриканын эмес, республика боюнча тоок чарбасындагы ишкерлердин көйгөйүн чечип келе жатам. Тоокторду жумуртка жаатында багуу боюнча өлкөнү бир топ эле алдыга жылдыра алдым деп ойлойм.
Кыргызстанды өзүбүздүн жумуртка менен 100%га камсыздаганга жетиштик. Азыр бизге сырттан жумуртка алынып келбейт. Биз эми өзүбүздү өзүбүз жумуртка менен камсыздай алабыз. Бул албетте биз үчүн чоң жетишкендик. Мына ушундай үзүрлүү, тайманбас эмгектин аркасында сыйлыкка татыктуу болдум деп ойлойм. Азыркы тапта биз тоокту эт багытында өзүбүздү камсыздоого аракет кылып жатабыз. Буюрса, дагы 2-3 жыл ичинде буга дагы жетишебиз. Ишкерликте кыйынчылыктар, бут тосуулар болбой койбойт. Бирок ар бир кыйынчылыктын аркасында сөзсүз түрдө жакшылык турат. Эл менен иштешип жаткандан кийин, баарын жасайбыз жана даярбыз.
- Ишкерлер жеңилдетилген насыяларды оңой эле алып жатышабы? Мамлекет тарабынан кандай колдоо көрсөтүлүп жатат? Салык органдары менен көйгөйлөр жокпу?
- Өлкөдө ар кандай тармактагы ишкерлер бар. Мамлекет биздин тармактагы ишкерлерге мыйзам чегинде эмнелер каралса, ошонун баарын кылып берип жатышат. Каражат жагынан ала турган болсок, бул маселе дыкат чечилген. Ушул каражаттын аркасында жумуртка жаатында 100% камсыздоого жеттик да. Болушунча колдоо көрсөтүп жатышат.
Ветеринария, салык жактан абдан жакшы колдоолор көрсөтүлүп жатат. Бир жерде бир көйгөй жаралса, дайыма атайын коммисия түзүлүп, көйгөйдү чечүү үчүн жеринде иш алып барышат. Иштейм деген кишиге мамлекет 100% колдоо көрсөтүп жатат. Насыялар боюнча айтсак, ишкердин документтери мыйзамдуу, так жана ачык-айкын болсо эле насыя алуу азыр абдан жеңил болуп жатат. Ал эми салыкка келе турган болсок, айыл чарбанын өзүнүн мыйзам чегинде жазылган салыгы бар. Ал салык аябай эле аз. Аны төлөө эч бир ишкерге кыйынчылык туудурбайт.
- Канча жумуш орунун түзө алдыңыз? Кийинки этапта бизнесиңизди өнүктүрүү үчүн эмне кылууну пландап жатасыз?
- Мындан он жыл мурун мен фабрикамды кандай көрөм деген суроону өзүмө койгон элем. Анда дал азыркы аткарылып жаткан маселелердин баарын тизмектеп койгон экенмин. Буюрса, алардын баары чети менен аткарылып келе жатат. Бүгүнкү күндө фабрикада 150гө чукул киши иштейт. Алдыда биз кантип экспортко чыксак деген суроонун үстүндө иштеп жатабыз. Жакында эле биз Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу тоокту, анын жумурткасын экпорттоо боюнча эл аралык сертификатка ээ болдук. Сертификаттын аркасында чет өлкөлөрдө өзүбүздү таанытканы жол ачылды. Аны менен катар азыр тооктордон калган калдыктарды кантип жер семирткич кылууга болот деген маселе турат. Мисалы, эл аралык экспортко чыгуу боюнча сертификатты алуу мен үчүн колдон келбей турган иш болчу. Бирок ал дагы колумдан келди, сертификатты алдым. Эми биз өзүбүздүн өндүрүшүбүздү чет өлкөгө экспорттой баштайбыз.
Бүгүнкү күнгө койгон максаттарыбыздын бири эми фабрикада иштеп жаткан, жумушчуларга жакшы шарт түзүп берүү. Фабриканын ичине киргенде ичиндеги жумушчуларга түзүлгөн шарт, алардын маанайы башка фабрикаларга үлгү болсо дейм.
Мындан бир нече жыл мурун мен чет өлкөдөгү бир нече фабрикаларга барып көргөнмүн. Ал жака кирсен ал жерде иштеп жаткан адамдардын баары бактылуу, ал тургай таза жана эч кандай жагымсыз жыт жок экен. Мен дагы фабрикамды ошол деңгээлге жеткиргим келет. Ал дагы колубуздан келет деп ойлойм.