Кыргызстандан Өзбекстанга күчтүү дары-дармектерди ташыган канал аныкталды

Укук тартиби Загрузка... 29 Январь 2025
475308609_1457017225257281_281941154030887047_n.jpg
copyright icon Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы

Бишкек, 29.01.25. /Кабар/. Кыргызстандан Өзбекстанга өтө күчтүү дары-дармектерди, ошондой эле акцизсиз тамеки продукцияларын ташуучу канал аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 23-январда козголгон кылмыш ишинин алкагында Кадамжай районунун чек ара аймагында Өзбекстандын жаранына күчтүү таасир этүүчү дары-дармек каражаттарын өткөрүп берүүгө аракет кылган учурда 1999-жылы туулган М.у.Э. аттуу Кыргызстандын жараны кармалган.

Кармалган адамды тинтүү учурунда 396 даана "Тропикамед", ал эми жашаган жеринен (Кыргызстандагы дары-дармек каражаттарынын реестринде катталбаган) 25 даана "Регопен" таблеткасы табылган.

Кечиктирилгис ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында Баткен облусунун Кадамжай районунда жашаган Кыргызстандын Т.у.М. аттуу жараны Кыргызстандан Өзбекстанга товар ташуу боюнча мыйзамсыз каналдын уюштуруучуларынын бири катары аныкталып, тинтүү учурунда ESSE CHANGE үлгүсүндөгү акцизсиз 60 куту, баасы 4 млн сомго жакын тамеки продукциясы табылган. Мында салык мыйзамдарын бузуунун натыйжасында мамлекеттик бюджетке 2 млн 335 миң сомго жакын зыян келтирилген.

Кармалган Кыргызстандын жараны Т.у.М. УКМКнын тергөө абагына киргизилип, тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Маалымат үчүн: "Тропикамед", "Регопен" күчтүү дары-дармектер. Алар дарыгердин рецепти менен гана сатылат, соода түйүндөрүндө "дарылардын кыймылын жана келгендигин каттоо китеби" болушу керек. Башка дарылар менен айкалыштырып колдонууда катуу көз карандылык пайда болот.