Кыргызстанда жазгы талаа иштери башталды. Дыйкандарга жеңилдиктер, күйүүчү май жана үрөн менен колдоо көрсөтүлөт

Коом Загрузка... 28 Январь 2025
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon www

Бишкек, 28.01.25. /Кабар/. Быйылкы жазгы талаа иштери былтыркы күзгү талаа жумуштарынан башталып, быйылкы түшүмдүн пайдубалы түптөлгөн. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин кызматкери Жигиталы Жумалиев билдирди.

Анын айтымында, 2025-жылдын түшүмү үчүн 146 миң гектар буудай, 8 миң гектар арпа эгилген. Бүгүнкү күндө быйылкы жылдын жазгы талаа жумуштарын уюштуруу үчүн облустардын, райондордун, айыл округдардын өкүлдөрү менен биргеликте жер-жерлерде штабдар түзүлүп, иш алып барууда.

“Быйылкы жылы айыл чарба жерлеринин жалпы структурасы 1 миллион 250 миң гектарды түзөт, бул өткөн жылдагыдан 3миң 300 гектарга көп. Ошондой эле дыйкандар үчүн дан эгиндеринин аянтын кеңейтүү сунушталууда”, - деди ал.

Ошондой эле Жумалиев суу менен камсыздоо тармагында олуттуу иштер аткарылып жатканын белгиледи. Тиешелүү каналдарды, анын ичинде ирригациялык, чарбалык жана мамлекеттик тармактарды оңдоо жана калыбына келтирүү иштери улантылууда.

Дыйкандар жазгы талаа иштерине керектүү көлөмдөгү күйүүчү-майлоочу майлар менен камсыз болушту, дагы 42 миң 200 тонна дизель майы жана 12 миң тонна бензин керектелет. Күйүүчү май жетиштүү өлчөмдө бар.

“Дыйкандарды быйылкы жазгы талаа иштеринде колдоо иретинде “Ред Петролеум” компаниясы 3 млн литр дизель майынын литрин 65 сомдон берип жатат”, - деп кошумчалады ал.

Мындан тышкары, учурда үрөн да жетиштүү өлчөмдө бар. Быйыл сертификацияланган үрөнгө өзгөчө көңүл бурулууда. Дыйкандарды колдоо максатында үрөн сатып алууга бюджеттен 50 миллион сом бөлүнгөн.

Которуштуруп айдоо мыйзамына ылайык, дыйкандар үрөндү 30% арзандатуу менен ала алышат. Алсак, дыйкандар 40 сомдук үрөндөрдү 30 сомдон сатып алса, 10 сомун мамлекет төлөйт.

Дыйкандар үчүн жер семирткичтер да былтыркы баада Капу компаниясы аркылуу 150 тоннага чейин жеткирилет.

Эске сала кетсек, дыйкандарды колдоо максатында жеңилдетилген насыялар 5 жылдык мөөнөткө 6% менен берилүүдө.

Ошондой эле агроөнөр жай насыялар долбоорунун алкагында дагы кошумча насыялар берилет. Айыл чарба тармагында учурда фермерлер тарабынан каржыланган 13 долбоор ишке ашырылууда.