Бишкек, 02.04.25. /Кабар/. Кыргызстанда жазгы талаа иштери активдүү жүрүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билидришти.
Маалыматка ылайык, учурда республиканын Баткен, Ош, Чүй жана Жалал-Абад облустарында жазгы талаачылык жумуштары активдүү уланууда. Бүгүнкү күндө жалпы 116,7 миң га жерде айдап-себүү иштери жүргүзүлдү. Анын ичинен:
Буудай – 35,3 миң га себилип, жалпы пландын 34,3% түздү. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 9,2 миң га көп себилди. Айрыкча Чүй облусунда буудай себүү иштеринин 70% аткарылды.
Арпа – 69,9 миң га себилип, структурага ылайык жалпы пландын 29% түздү. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 23,0 миң га көбүрөөк себилди. Белгилей кетсек, 2025-жылы жаздык арпа себүү 241,3 миң га аянтта жүргүзүлөрү күтүлүүдө.
Жүгөрү – Жалал-Абад облусунда себүү иштери башталып, учурда 4,7 миң га аянтка себилди.
Картошка – республика боюнча 3,5 миң га аянтка отургузулуп, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,7 миң га көбүрөөк отургузулду.
Жашылча-бакча өсүмдүктөрүн айдоо жумуштары Ош жана Жалал-Абад облустарында башталды.