Жасалма интеллект дүйнөнү өзгөрткөн күчтүү куралга айланууда. Технологиялык прогресстин өнүгүүсү тынымсыз өсүп жаткан темп менен жүрүп жатат, демек бүгүн чечим кабыл алуу менен да кечигип калууга болот.
“Жөн эле ордунда калуу үчүн мүмкүн болушунча тез чуркашың керек, ал эми бир жакка жетүү үчүн кеминде эки эсе ылдам чуркашың керек”,- "Алиса кереметтер өлкөсүндөгү" бул фраза азыркы учурда жакынкы 20-30 жылга стратегиялык пландаштыруу горизонтун аныктаган мега тенденциялардан артта калууну каалабаган ар бир адам үчүн принцип катары кабыл алынышы керек.
Кыргызстан жасалма интелектти өнүктүрүнү колго ала баштады
Кыргызстандын жетекчилиги жасалма интелекттин маанилүүлүгүн жана анын мамлекеттик башкарууну, бизнес чөйрөнү жана социалдык чөйрөнү трансформациялоо жөндөмдүүлүгүн түшүнүүдө.
Өткөн жылдын башында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров БАЭде өткөн Бүткүл дүйнөлүк өкмөт саммитинде жасалма интелекттин потенциалын жогору баалаган.
“Жасалма интеллект туура колдонулса, адамдардын жашоо сапатын жакшыртуу үчүн зор мүмкүнчүлүктөрдү берет. Маданиятыбыздын, билимибиздин, каада-салтыбыздын жана этикабыздын негизинде даярдалган кыргыз тилиндеги өзүбүздүн жасалма интеллект моделибизди жакында сынап көрдүк”,-деген мамлекет башчы.
Мамлекет башчынын айтымында, жасалма интеллекттин баалуулугу жана актуалдуулугу келечекте "ал бүт адамзаттын салттарынын жана баалуулуктарынын көп түрдүүлүгүн камтыганында" болот.
Белгилей кетсек, буга байланыштуу Кыргызстан кыргыз тилин санариптик форматта колдоочу суперкомпьютерди алган.
2025-жылы Кыргызстанда жасалма интеллектти өнүктүрүү боюнча бир катар чаралар көрүлө баштады.
Жакында Кыргызстанда стратегиялык чечимдерди иштеп чыгып, алдыңкы технологияларды киргизе турган жасалма интеллектти өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеш түзүлдү.
Жасалма интеллекттин улуттук стратегиясы жакынкы аралыкта бекитилет.
Кыргызстандын министрлер кабинети мамлекеттик процесстерге жасалма интеллектти системалуу жана масштабдуу интеграциялоону көздөп жатат.
Учурда инновациялык экосистемаларды түзүү жана мамлекеттик башкарууну санариптештирүү боюнча долбоорлорго инвестиция тартылууда.
Маселен, Илимдер академиясы Жогорку технологиялар паркы жана кыргызстандык стартаптардын бири менен биргеликте жасалма интеллекттин жардамы менен суу ресурстарын жана алардын көйгөйлөрүн изилдөөгө киришти.
Жасалма интелекттин келечеги бүдөмүк, бирок ал кызыктуу болот
Жасалма интелекттин өнүгүүсү менен адамзат башаламандык дооруна кирип жатат, келечек белгисиздик менен коркуп жатат, ал эми адамдар роботтор алардын жумушун тартып алат деп коркушат.
Изилдөөлөр 2030-жылга карата дүйнө жүзү боюнча 800 миллионго чейин жумуш ордун автоматташтыруу коркунучу астында болорун болжолдоодо, жумуш орундарынын 42%га жакыны кандайдыр бир түрдө автоматташтырылат деп күтүлүүдө.
Жасалма интеллект менен иштөө дээрлик бардык тармактарда ишке ашырылат: бизнес, медицина, космостук өнөр жай, спорт, маданият, билим берүү ж.б.
Жакынкы келечекте котормочу, корректор, копирайтер, журналист, курьер, айдоочу, диспетчер, турагент, сатуучу, бухгалтер, диктор, терапевт, аналитик, фармацевт, дизайнер жана башка көптөгөн кесиптер жасалма интеллект менен алмаштырылышы мүмкүн.
Бирок көптөгөн эксперттер эмгек рыногунда кыйроо болбойт, тескерисинче, адам ресурстары тартыш болуп калат деген ишенимде.
Жалпысынан алганда, жумушчулардын компетенцияларынын мазмуну өзгөрөт.Жасалма интелектти колдонуу ондогон жылдар мурун компьютерди колдонуу жөндөмү сыяктуу эле маанилүү болуп калат.