Кыргызстанда туризмди өнүктүрүү жандана баштады

Аналитика Загрузка... 28 Январь 2025
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев
Бактыбек Мамбетов

Бактыбек Мамбетов

Бардык материалдар

Садыр Жапаров ар бир чет мамлекетке чыккан сапарынын өзгөчөлүгү бар деп айтып келишет эксперт-политологдор. Президенттин чет мамлекеттерге болгон иш сапарынан кийин чет элдик ири компаниялардын өкүлдөрү өлкөгө агылып келгени байкалат. Президент кайсы өлкөгө барбасын, Кыргызстан үчүн пайда алып келе турган нерселерге көңүл буруп, ошол нерселерди бизде өнүктүрүүнү көздөп келгени маалым. Ири ишканалардын жетекчилери менен өзү сүйлөшүп, аларды Кыргызстанга инвестиция кылууга чакырат. Кандай гана маселе жаралбасын, Садыр Жапаров мекенинин кызыкчылыгын биринчи орунга коюп келгенин көрүп турабыз.

Мына жакында эле январдын орто ченинде Садыр Жапаров Алтайга лыжа базасынын иши менен таанышып келди. Кыргызстанга Алтайдын жаратылышы гана окшош эмес. Кыргыздар так ошол Алтайдан тараган эл, ошондуктан жергиликтүү калктын маданияты, тарыхы да биздикиндей. Болгону бүгүн Алтай Россиянын аймагына кирип калган.

«Бүгүнкү күнгө чейин Алтайда биздин топонимдерге төп келген жер-суу, тоо, аймактардын аталыштарын кездештирүүгө болот, алардын да өздүк мааниси бар. Ошентип, кыргыз эли үчүн Алтай дагы бир “алтын бешик”, бизди тарыхыбыз менен байланыштырган, руханий жактан дем берген ыйык жер.

Мен Алтайда болдум, ал жакта жаңы “Манжерок” (кыргызча “Миң жүрөк” дегенди билдирет) лыжа базасында болдум. Бул жаңы эс алуу жайы. Комплекстин жарымы курулуп , экинчи жарымы курулуп жатыптыр. Конок үйлөрүнүн инфраструктурасын, тейлөөсүн, курулушун өз көзүм көрүү мен үчүн маанилүү болду. Эми ошол жерге башкы архитектор менен куруучуларды жиберип жатам, алар дагы баарын көрүп келишсин», - деди Садыр Жапаров.

Ал эми 25-январда Садыр Жапаров Өзбекстанга барып келди. Ташкент облусундагы «Амирсой» курорттук комплексинде Шавкат Мирзиёев менен бейформал жолугушуу өткөрдү.

Албетте, Садыр Жапаров жогорку эл аралык стандарттарга жооп берген туристтик лыжа комплексинин түзүлгөн шарттарына жана заманбап инфраструктурасына жогорку баасын берип, коңшу өлкөнүн мындай эс алуу жайларды куруудагы тажрыйбалары менен таанышты.

“Өзбекстан менен Кыргызстандын уникалдуу геоландшафттарын жана жаратылышынын ар түрдүүлүгүн эске алуу менен курорттук-рекреациялык борборлорду түзүүгө багытталган биргелешкен долбоорлорду илгерилетүү боюнча макулдашууга жетишилди»,-деп маалымат беришти Өзбекстандык ММКлар.

Садыр Жапаров социалдык түйүндөрдөгү баракчасына “Амирсойдон” алган таасири менен бөлүштү.

«Мамлекетибиздин 94% аймагын тоолор ээлейт. Биздин жети облустун ар биринде ушундай лыжа базалары болушу мүмкүн.

Бирок бизде алар дээрлик жок. Эмнеге? Анткени биз эгемендүүлүк алгандан баштап, карапайым элден баштап, президенттерге чейин жалаң саясат менен алек болгонбуз, күн сайын митингдер болуп жатты. Экономика, туризм жана башка маанилүү тармактарга көңүл бурулган эмес. “Амирсой” лыжа базасын көрүп, таң калдым. Кесиптешим Шавкат Мирзиёев бул бийик денгээлдеги базаны нөлдөн баштап курган экен. Сөз жок. Мыкты курулуптур.

Канча адам жумуш менен камсыз болгон! Бул жерге миллиондогон туристтер эс алууга келишет. Тейлөө деңгээли Европадан кем калышпайт. Баары эң жогорку деңгээлде. Ташкенттен жарым сааттык эле жол», - деп белгиледи Садыр Жапаров.

Президент өзүбүздүн адистерди чет мамлекеттерге, биринчи кезекте лыжа базаларын курууда жана жайгаштырууда чоң тажрыйбасы бар Европа өлкөлөрүнө командировкага жөнөттү. Мунун баары Кыргызстандын жаңы тарыхындагы эң ири “Үч чоку” долбоорун ишке ашыруунун башталышына байланыштуу жана өтө маанилүү экенин баса белгиледи президент. Бул Жыргалаң, Ак-Булак жана Боз-Учуктун тоо боорлорунда жайгашкан ондогон мейманканалары бар туристтик шаарча болот. Эс алуучуларды ташып турган кызмат иштейт. Ар кандай татаалдыктагы трассалар коюла турган жерлерде лифттер, ыңгайлуу кафелер, эс алуу жана лыжа тебүү үчүн башка инфраструктуралар орнотулат. Ысык-Көлдүн түштүк жээгиндеги бул комплекс алгачкы конокторун 2025-жылдын аягында тосуп алат деп пландалууда.

Туризм тармагында Борбордук Азияда мындай ири долбоорлор жок. “Үч чоку” жылына 850 миңге жакын конокторду кабыл ала алат, 4600 жумушчу орун түзүлөт, ал эми курорттон түшкөн салык жүздөгөн миллион долларды түзөт.

Кыргызстанды өнүктүрө турган тармактардын арасында абданмаанилүү туризм дагы бар. Ушул тармакты өнүктүрөбүз, Швейцариядай жаратылышыбыз бар деп төш каккылап келгенбиз. Анан көңүл Кумтөргө бөлүндү. Анткени алтын баалуу, ал жердин алданда жатат, аны казып алып сата беребиз дегендин коркунучу дагы бар. Себеби качандыр бир кезде алтын түгөнөт, андан түшкөн кирешени башка долбоорлорго жумшаган туура.

Президент айткандай бир күндүк жашоо менен жашабашыбыз керек. Ошондуктан бардык тармактар бири-бирин толуктап иштеши керек дейт серепчи Тимур Саралаев. “Мисалы, 2020-жылы Кумтөрдүн ИДПга кошкон үлүшү 12,5% түзсө, учурда ал 9-10% тегерегине барды, бул өтө маанилүү көрсөткүч. Бул деген Кумтөрдүн кирешеси азайды дегенди эмес, тескериче, бул кыргыз экономикасы жанданды дегенди түшүндүрөт. Акыркы төрт жылдын ичинде ата-мекендик өндүрүштөн күткөн натыйжалар туруктуу өнүгүү жолуна түшкөнүн көрсөтүп турат. Өлкөдө жаңы ири долбоорлордун ишке ашышы, мисалы ошол эле "Үч чоку" лыжа комплекси, Тамчы аэропортунун тегерегиндеги курулуштар, “Кызыл-Омполду” иштетүү сыяктуу инвестициялык долбоорлор аркылуу мамлекетибиз үчүн жаңы экономикалык драйверлер пайда болот. Бул Кыргызстан үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жана миллиарддаган долларды алып келүүгө жол ачат”,- дейт Тимур Саралаев.

Президенттин сырттагы өнүккөн тоо-лыжа курортторун изилдегени абдан жакшы кадам дейт эксперт Максат Чакиев.

“Биз элитарлык кымбат балуу туризмди өнүктүрүшүбүз зарыл. Жалгыз боз үй тигип коюп же Ыссык-Көлдө бир бөлмөгө киргизип коюп, 30 жылдан бери арзан туризмди өнүктүрүп келгенбиз. Андай туристтерден болбогон эле акча түшөт. Бизге 8 миллионго жакын туристтер келет. Алардан экологиялык жана башка чыгымдар өтө эле чоң. Ошол үчүн биз Европадагы, Азиядагы өнүккөн мамлекеттердей кымбат балуу туризмди өнүктүрүшүбүз керек. Аларга тоо лыжа базалары, лыжа курорттору кирет. Себеби дегенде тоо лыжага келген турист кеминде беш күн болот. Ал бир күндө 100 доллар төлөй турган отелде жатат, андан сырткары арендага лыжа алат, кофейня, кафе-ресторандарда тамактанат, мындайча айтканда акчаны көп калтырат. Тоо туризми менен орто жана бай адамдар гана алектенишет. Ошондо орто эсеп менен тоо лыжа курортторуна бир турист 3 миң доллардан ашык калтырып кетет. Ошондо 8 миллион турист келбей эле 1 миллион келсе бизде көптөгөн каражат калат”,- Максат Чакиев.

Кышкы туризмди өнүктүрүү, тоо лыжа курортторду куруу жагынан Кыргызстанда ондогон жылдардан бери байкалбаган жандануу башталды. Учурда өлкөдө жүрүп жаткан процесстер борбордун жанында гана эмес, аймактарда да жаңы эс алуу жайларынын пайда болушуна түрткү болууда. Бул үчүн бизде кооз тоолорубуз, кайталангыз жаратылышыбыз бар.