Кыргызстанда туристтер тыныга турган 10 Rest Point куруу пландалууда

Коом Загрузка... 12 Февраль 2025 17:17
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 12.02.25. /Кабар/. Быйыл өлкөдө туристтер тыныга турган 10 Rest Point куруу пландалууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунан билдиришти.

Фонддун маалыматы боюнча, аймактардагы туристтик инфраструктураларды жакшыртуунун алкагында президенттин облустардагы өкүлчүлүктөрү менен биргеликте 10 Rest Point куруу үчүн жерлер аныкталат.

WhatsApp Image 2025-02-12 at 12.23.00 (2).jpeg

Бул долбоорлор республикалык бюджеттин жана фонддун эсебинен каржыланат.

Мындан тышкары, Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) менен биргеликте 2025-жылы Ош облусунун стратегиялык транспорттук каттамдарында үч эс алуу жайынын курулушун баштоону мерчемдеп жатат.

Бул иштер министрлер кабинетинин “Региондук экономикалык өнүктүрүү” долбоорунун алкагында Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланып, АРИС аркылуу ишке ашырылмакчы.

WhatsApp Image 2025-02-12 at 12.23.00 (1).jpeg

Объекттер Кара-Суу районунун Баш-Булак айылында, Ноокат районунун Көк-Жар айылында жана Алай районунун Сары-Таш айылына жакын жердеги Ош-Хорог унаа жолунун 185-чакырымында жайгашат.

Мисалы, Сары-Таш айылына жакын жайгашкан жолдун боюндагы эс алуу пунктунун өзгөчөлүктөрү тууралуу айтсак: объекттин аянты 616,77 чарчы метрди түзөт. Анда сувенирдик жана туристтик товарлар дүкөнү, дарыкана, аянты 130 чарчы метрден ашкан кенен кафе, даараткана, жуунучу жай ошондой эле кир жуучу жай каралат. Унаа токтоочу жай жана электромобилдерди заряддоочу станциялар болот.

WhatsApp Image 2025-02-12 at 12.23.01 (1).jpeg

Бүгүнкү күндө өлкөдө Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду тарабынан 13 Rest Point курулуп, анын сегизи ийгиликтүү иштеп жатат. Бул эс алуу пункттар Кемин районунда, Баткен шаарында, Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында, экөө Ош шаарында (мэриянын жанында жана Навои паркында), Жалал-Абад шаарында, Сузак районунун Барпы айылында жана Ысык-Көл облусунун Корумду айылында жайгашкан. Дагы 5 объект ишке киргизүүгө даяр, 4 объекттин курулушу жүрүүдө.

WhatsApp Image 2025-02-12 at 12.23.01.jpeg

Мындан тышкары, фонддун карамагында Дүйнөлүк банктын каражатына курулган Ысык-Көлдөгү 5 туристтик тейлөө борбору бар. Учурда алардын үчөө Балыкчы шаарында, Түп жана Ак-Суу айылдарында иштөөдө. Жайкы сезондун башталышын утурлай дагы эки объектти Тоң районунун Бөкөнбаев айылында жана Жети-Өгүз районунун Тосор айылында пайдаланууга берүү пландалууда.