Кыргызстанда сутка ичинде 50 өрт кырсыгы катталды

Кырсык Загрузка... 20 Март 2025 10:32
IMG_3486.png
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 20.03.25. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде 50 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 59 бөлүм тартылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Бишкек шаарында – 11, Ош шаарында – 1, Ош облусунда – 9, Чүй облусунда – 15, Жалал-Абад облусунда – 4, Ысык-Көл облусунда – 2, Нарын облусунда – 1, Талас облусунда – 6, Баткен облусунда – 1 өрт кырсыгы катталган.

Куткаруу кызматтары тарабынан чыгуу болгон жок.