Кыргызстанда сутка ичинде 26 өрт кырсыгы катталды

Кырсык Загрузка... 14 Март 2025 11:28
WhatsApp_Image_2025_n4Oafkh.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 14.03.25. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде 26 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 28 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

- Бишкек шаарында – 5;
- Ош облусунда – 5;
- Чүй облусунда – 7;
- Жалал-Абад облусунда – 5;
- Ысык-Көл облусунда – 3;
- Баткен облусунда – 1.

Куткаруу кызматтары тарабынан чыгуу болгон жок.