Кыргызстанда сутка ичинде 16 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 31 январь 2025 09:35
Кыргызстанда сутка ичинде 16 өрт кырсыгы катталды
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 31.01.25./Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде 16 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 19 күжүрмөн эсеп тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Алсак,

- Бишкек шаарында – 4;
- Ош шаарында – 2;
- Ош облусунда – 2;
- Чүй облусунда – 5;
- Жалал-Абад облусунда – 2;
- Ысык-Көл облусунда – 1.

Куткаруу кызматтары тарабынан 3 чыгуу болду.