Бишкек, 30.04.25./Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде 14 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 16 күжүрмөн эсеп тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Алсак:
- Бишкек шаарында – 5;
- Ош облусунда – 1;
- Чүй облусунда – 5;
- Ысык-Көл облусунда – 1;
- Нарын облусунда – 1;
- Баткен облусунда – 1.
Куткаруу кызматтары тарабынан 1 чыгуу болду.