Психологиялык драма: “Куурчак” көркөм сериалы тартылууда

Маданият 14 сентябрь 2026 10:40
Психологиялык драма: “Куурчак” көркөм сериалы тартылууда
copyright icon www

Бишкек, 14.09.26. /Кабар/. Кыргызстанда “Куурчак” жаңы көркөм сериалы тартыла баштады.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, “Кыргызсериал” көркөм-өндүрүштүк бирикмеси тарабынан даярдалууда.

Сериалдын алгачкы тартуу иштери Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында өттү.

“Куурчак” — үй-бүлөлүк баалуулуктарды, жакын адамдардын ортосундагы мамилени, ишенимди жана адамдын турмуштагы тандоолорун чагылдырган психологиялык драма.

Белгилей кетсек, сериалдын тартуу иштери Балыкчы шаарында башталып, Кыргызстандын башка аймактарында улантылат.