Кыргызстанда дары өсүмдүктөрүн өндүрүү кеңейтилет

Коом
Кыргызстанда дары өсүмдүктөрүн өндүрүү кеңейтилет
copyright icon WWW

Бишкек, 05.11.26. /Кабар/. Кыргызстанда дары өсүмдүктөрүн айыл чарба өндүрүшүнө киргизүү жана аларды өстүрүүнүн технологиялык карталарын иштеп чыгуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, бул багыттагы жумушчу кеңешмеге Улуттук илимдер академиясынын жана Кыргыз улуттук агрардык университетинин өкүлдөрү катышты.

Жыйында дары өсүмдүктөрүнүн үрөнүн даярдоо жана себүү, багуу, сугаруу, түшүмүн жыйноо жана сактоо маселелери талкууланды.

Ошондой эле ар бир өсүмдүктүн биологиялык өзгөчөлүктөрүн, топурак-климаттык шарттарды эске алуу менен өстүрүү технологияларын иштеп чыгуу жана илимий негизделген сунуштарды даярдоо маселелери каралды.

Жыйынтыгында адистерге дары өсүмдүктөрүн өстүрүү боюнча технологиялык карталарды иштеп чыгуу сунуштарын даярдоо тапшырылды. Бул багыттагы иштер улантылат.