Бишкек, 30.01.25. /Кабар/. Кыргызстанда биринчи жолу социалдык колдоо масштабдуу чыңдалууда. Бул тууралуу КРнын Балдар укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаева билдирди.
Анын айтымында, президент Садыр Жапаров кол койгон жарлык балдардын коопсуздугун жогорулатат.
«Жакында Кыргызстанда оор кырдаалга кабылган балдарга жардам берүү үчүн 550 социалдык кызматкер иштей баштайт.
Тиешелүү жарлыкка бүгүн Садыр Нургожоевич кол койду.
Бул чечим республикада биринчи жолу социалдык колдоо системасын ири масштабдуу чыңдоону камтыйт. Жаңы адистер балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоп, зомбулук жана кароосуз калган учурларга ыкчам чара көрүп, алардын алдын алуу иштерин жүргүзүшөт»,-дейт ал.
Ошондой эле бул жарлык социалдык коргоо системасын чыңдоого жана балдардын коопсуздугунун деңгээлин жогорулатууга жардам берерине ишенерин кошумчалаган.