Кыргызстанда бир жумада 362 мас айдоочу кармалды

Коом Загрузка... 28 Январь 2025
WhatsApp Image 2025-01-28 at 09.45.12 (1).jpeg
copyright icon Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы

Бишкек, 28.01.25. /Кабар/. 20-январдан 26-январга чейин өлкө аймагында алдын ала маалымат боюнча, 22 миң 814  жол эрежесин бузуу фактылары аныкталды.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын ичинен:

- тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу – 614;
- мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу – 362;
- авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 96;
- жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 196;
- транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 4 418;
- авто ээнбаштык – 19;
- белгиленген ылдамдыктан ашуу- 3 366;
- жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу - 7;
- башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 11 105;

Мындан тышкары, ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 2 631  авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

ЖКККББ айдоочуларды жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.