Кыргызстанда бир суткада 18 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 20 февраль 2025 09:30
Кыргызстанда бир суткада 18 өрт кырсыгы катталды
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 20.02.25. /Кабар/. Кыргызстандын аймагында бир суткада 18 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

- Бишкек шаарында – 7;
- Ош шаарында – 1;
- Ош облусунда – 4;
- Чүй облусунда – 4;
- Жалал-Абад облусунда – 1;
- Ысык-Көл облусунда – 1.

Тилсиз жоону өчүрүүгө 18 күжүрмөн эсеп тартылган. Куткаруу кызматтары тарабынан 3 чыгуу болду.