Кыргызстанда “Baytik Mountain Resort” лыжа кластерин куруу талкууланды

Коом 1208 22 Февраль 2025 22:16
d1339d0b-8cdd-419c-ab11-eaecc6345d73.730x0.jpg
WhatsApp Image 2025-02-22 at 17.04.44.jpeg
WhatsApp Image 2025-02-22 at 17.04.40.jpeg
WhatsApp Image 2025-02-22 at 17.04.39.jpeg
WhatsApp Image 2025-02-22 at 17.04.51.jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon Элчилик

Бишкек, 22.02.25. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 20-февралында Кыргызстандын Швейцариядагы элчиси Омар Султанов “Bartholet Maschinenbau AG” компаниясынын башкы кеңсесине жана заводуна барды.

Элчиликтен билдиришкендей, иш сапардын жүрүшүндө элчи тротуарларды жана лифттерди курууда колдонулган “Bartholet Maschinenbau AG” компаниясынын продукциясынын бардык ассортиментинин өндүрүшү менен таанышты.

Жолугушууда “Bartholet Maschinenbau AG” компаниясынын Бишкек шаарында тротуар куруу долбооруна катышуусуна байланыштуу сүйлөшүүлөр жүрдү.

Муну менен катар “Baytik Mountain Resort” лыжа кластерин курууга швейцариялык компаниянын катышуусу мүмкүн болгон долбоор да талкууланды.